Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Бишкек шаарынын мэри алмашты
31.10.2023 | 18:47
Бишкек шаарынын мэри Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Эмилбек Абдыкадыров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президенттин башка жарлыгына ылайык, Жунушалиев Айбек Жанышбекович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды.
Ошондой эле, ал буга чейин аркалап келген президент менен министрлер кабинетинин чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси кызматынан бошотулду.
Белгилей кетсек, Жунушалиев 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар