Президенттин администрациясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Президенттин администрациясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Президенттин администрациясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кадыралиев Азамат Сактанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды»,  — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Азамат Кадыралиев Кыргызстандын Франциядагы элчилигинде кеңешчи, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинде иш сапарлар бөлүмүнүн башчысы, ТИМдин мамлекеттик протокол департаментинин директору болуп иштеген. 2022-жылдан тарта Президенттин протоколдук кызматын жетектеп келген.

Ошондой эле, башка жарлыкка ылайык, Алмазбеков Даврон Асхатович президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Мындан тышкары Суйунтбек Аликеев Сакыевич президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Сагынбаев Канат Латипжанович президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>