Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Айбек Жунушалиевди борбор калаанын мэри кылып тандашты.
Добуш берүү бүгүн, 26-августта шаардык мэриянын имаратында өттү.
Жунушалиевге 43 депутат добуш берди, анын 2 – каршы.
Буга чейин Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматын ээлеп келген.
Белгилей кетсек, Жунушалиев мэрлик кызматка жалгыз талапкер болчу.