Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Бишкек жылуулук борборунда 30 миң тонна көмүр жараксыз болгон
15.02.2022 | 15:39
Кыргызстан боюнча көмүрдүн сапатын текшерген лаборатория Бишкек жылуулук борборунда гана бар. Анда 6 киши иштейт. Алардын атайын сертификаттарга ээ. Аталган лаборатория 2021-жылы 30 миң тонна көмүр жараксыз деп чыгарып, кабыл албай койгон. Бул туурасында Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин комитет жыйында билдирди.
Анын айтуусунда, жеке ишкерлер көмүрдү Бишкек жылуулук борборуна алып кирет. Лаборатория анализ алат, эгерде атайын талаптарга жооп бербесе алышпайт. Кайра аны вагон менен алып кетүү жеке ишкерлер үчүн абдан кымбатка турат. Ошону менен ал көмүрдү таштап кете берет.
Ал эми быйыл 4 миң тонна көмүр жараксыз болгонун кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар