Кыргызстан туруктуу отунду өнүктүрүүдө глобалдык демилгелерге кошулатТоктогул шаарында толук жаңыланган борбордук стадиондун расмий ачылышы өттүБир жумада 24 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталдыАйыл чарба министрлиги кунарсыз жерлерди өздөштүрүүнү каалагандарга колдоо көрсөтөтТашиев: Мага бир нече жолу кол салуу болдуЖер жайнаган долларлар. Укук коргоо кызматкерлери 400 миң доллар пара менен кармалды
Бишкекке 47 мектеп жана 61 бала бакча куруу зарыл
02.07.2025 | 15:06
Кыргызстандын борборуна 47 жалпы билим берүүчү мектеп жана 61 мектепке чейинки билим берүү уюмун куруу керек. Мындай маалыматтар 2026-2028-жылдарга калкты социалдык жактан коргоо программасынын долбоорунда камтылган.
Бүгүнкү күндө Бишкекте 120 мектеп, 118 бала бакча жана 6 балдардын чыгармачылык борборлору иштейт. Ошол эле учурда окуучулардын саны өсүүдө: жыл башында 205164 орундуу долбоордук кубаттуулуктагы шаар мектептеринде 236899 бала эки сменде окуп жаткан. Административдик-аймактык реформадан кийин билим берүү мекемелеринин саны 18 мектепке жана 15 бала бакчага көбөйдү.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Мектеп тартыштыгы