Кыргызстандын борборуна 47 жалпы билим берүүчү мектеп жана 61 мектепке чейинки билим берүү уюмун куруу керек. Мындай маалыматтар 2026-2028-жылдарга калкты социалдык жактан коргоо программасынын долбоорунда камтылган.
Бүгүнкү күндө Бишкекте 120 мектеп, 118 бала бакча жана 6 балдардын чыгармачылык борборлору иштейт. Ошол эле учурда окуучулардын саны өсүүдө: жыл башында 205164 орундуу долбоордук кубаттуулуктагы шаар мектептеринде 236899 бала эки сменде окуп жаткан. Административдик-аймактык реформадан кийин билим берүү мекемелеринин саны 18 мектепке жана 15 бала бакчага көбөйдү.