Бишкек шаарына монорельс куруу маселеси карала баштады. Бул тууралуу 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-мэр Бактыбек Абдиев депутат Эмил Жамгырчиевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, мэр Эмилбек Абдыкадыров жакында эле инвесторлор менен жолугушууда бул маселе талкууланган.
“Бишкектин 12-кичи районунан “Дордой” базарына, ал жактан кайра Фучик көчөсүнө чейин куруу боюнча башкы планга киргизилген. Монорельс куруу долбоорун даярдап койдук”, — деди Б.Абдиев.
Жыйында депутат Эмил Жамгырчиев күйүүчү май менен жүргөн канча автобус алынып, аларга канча жыл кепилдик берилгенине кызыкты.
“2017-жылы троллейбустарды, 2009-жылы дизелдик 300 даана автобус алынган. Аларга 8 жылга кепилдик берилген” — деди вице-мэр.
“Бүгүнкү күндө 32 жылга кепилдик алып жатабыз дедиңер. 32 жыл бою электробустарды карап отура беребизби? Айтайын дегеним күйүүчү май менен жүргөн автобустардын насыясын бүгүнкү күнгө чейин төлөп жатабыз. Автобустун өзү жок болуп жатпайбы. Анткени алар 8 жылдан кийин утилизацияга кетип жатат. Эми 32 жылдын ичинде бул электробустар иштеп турат деп ким кепилдик берет? Андан көрө монорельс курууну ойлонбойсуңарбы. Троллейбус менен электро электробустардын айланасында эле жүрө беребизби?”, — деди депутат.
Жыйында Азия өнүктүрүү банкынын капиталдык ресурстарынан 25 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген кредит жана атайын фондусунун ресурстарынан 25,65 млн доллар өлчөмүндө грант алуу пландалып жатканы жана ага 120 электробустар сатылып алынары маалымдалды.