Монорельс, Бишкек Сити: Араб тарап идеяны ишке ашырууга даяр

Монорельс, Бишкек Сити: Араб тарап идеяны ишке ашырууга даяр

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 3-6-июнь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болду.

Мэриянын маалыматына караганда, сапардын алкагында ал БАЭ өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Иш сапардын жүрүшүндө Шейх Мансур ибн Заид Аль Нахайяндын ишенимдүү адамы, «K and К Group» компаниясынын башкы директору, профессор Тажеддин Сейф менен жолугушуп, Бишкек шаарынын мэриясы менен Абу-Даби жана Дубай шаарларынын бизнес жана муниципалитеттеринин ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле шаарлардын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүүнү  тездетүү жөнүндө да макулдашылды.

«Мэр келечектүү инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды, атап айтканда,  «Бишкек Сити» көп функционалдуу кварталынын концепциясы, темир жолду шаардан чыгаруу, транспорт маселелери, катуу жана медициналык калдыктарды кайра иштетүүчү заводдун курулушу, Бишкек шаарында монорельстүү транспорт системасын түзүү, Кара жыгач токоюн, Ала-Арча, Аламүдүн дарыясын көрктөндүрүү, ЖЭБ-2 реконструкциялоо, Ч.Айтматов проспектиси — Масалиев көчөсүнүн боюндагы бульварды жакшыртуу жана башка маселелер айтылды.

Өз кезегинде араб тарап бул долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр экендигин билдирип, кызматташуунун бир нече варианттарын сунуштады: инвестиция салуу, МЖӨ кызматташуусу жана гранттык жардам”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, мэр маалымат технологиялары менен алектенген «Royal group of technologies»  компаниясынын ээлери менен жолукту. Бул компания “Акылдуу шаар” долбоорлорун Россия, Казакстан, Өзбекстан, Мексика жана башка өлкөлөрдө ишке ашырган.  Жыйындын жыйынтыгында компания Бишкек шаарындагы «Акылдуу шаар» системасына аудит жүргүзүү жана өзүнчө пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү чечими кабыл алынды.

Заводдорду экологиялык жактан таза технологиялар менен куруп жаткан америкалык «ReMining Corporation»  компаниясынын директору менен жолугушууда мэр алар тараптан аудит жүргүзүп, комбинатты куруу боюнча коммерциялык сунуш берүүнү макулдашты.

«Меридиан Эко Система» компаниясынын ээси Дмитрий Агасаров менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, медициналык калдыктарды плазма-химиялык жок кылуу, башкача айтканда калдыктарды молекулаларга ажыратуу жолу менен утилдештирүү боюнча заводду алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча макулдашылды.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>