Бишкек шаарына саат 23:00дөн 07:00гө чейин жымжырттык режиминин эрежелери керек, деп эсептейт депутат Дастан Бекешев.
Ал борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдон токтом долбоорун иштеп чыгып, Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна алып чыгууну өтүндү.
Депутаттын мэрге жолдогон катында буга чейин түнкүсүн коомдук тартипти жана тынчтыкты бузууга тыюу салуу боюнча токтом долбоору болуп, бирок ал кабыл алынбай калганы айтылат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда