Бишкек шаарына 15-декабрга чейин жаңы 120 автобус келет. Бул тууралуу 23-ноябрда маалымат жыйында мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, жаңы автобустар эл аралык талаптарга жооп берет.
“Жаңы автобустар экологиялык жактан таза, газ менен жүрөт, жапыз, узундугу 10,5 метр жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн”, — деди мэр.
Автобустарды алууга шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз