Бишкекке жаңы автобустар качан алынып келери айтылды

Бишкекке жаңы автобустар качан алынып келери айтылды

Бишкек шаарынын бюджетинин эсебинен алынып жаткан автобустар жыл аягына чейин алынып келет. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда маалымат жыйында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, мындан төрт жыл мурда Бишкекте 4,5 миңден кичи автобус жана 130га жакын автобус жана 140ка жакын троллейбус каттап турган. Автопарк жаңыланбагандыктан, учурда Бишкекте 1,8 миң кичи автобус иштеп жатат.

Ал азыркы тапта автопаркты жаңылоо боюнча үч долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди. Биринчиси, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы берген каражатка газ менен жүргөн 250 автобус сатып алынууда. Биринчи этапта 124 автобус алынат. Алар 2023-жылдын биринчи жамырында келет.

Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун алкагында 120 электробус сатып алынат. Ошондой эле, шаардык бюджеттен бөлүнгөң 1 млрд сомго 120 автобус сатып алынууда.

«Чек арада кандайдыр бир маселе жаралбаса, ал 120 автобус жыл аягына чейин келет», — деди ал.

Автобустар келгенден кийин алар шаардын борбордук бөлүгүндө каттап, кичи автобустар шаар четине чыгарылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>