Бишкектеги перинаталдык борборунда үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 35 жаштагы К.Ш. аттуу келин 2-декабрда кесарева жолу менен үч кызды жарык дүйнөгө алып келген. Учурда эне-балдардын абалы канааттандырарлык.
Белгилей кетсек жакында эле Өкмөт бир учурда үч эм же же андан көп баланы жарыкка алып келген үй-бүлөгө, ар бир бала үчүн 50 000 (элүү миң) сомдон бир жолку “балага сүйүнчү” жөлөкпулун төлөп берүү тууралуу токтомго кол койгон.