№1 мектептеги митинг. Бишкек мэриясы окуянын чоо-жайын айтты

№1 мектептеги митинг. Бишкек мэриясы окуянын чоо-жайын айтты

Бишкек шаарындагы №1 мектеп-интернатынын окуучулары жана мугалимдери митингге чыгышты. Нааразычылык акциясынын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Мектепте милиция кызматкерлери жана Тез жардам кызматынын дарыгерлер тобу бар.

Кадрдан мектеп окуучулары «Кетсин» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турганын көрүүгө болот.

Мугалимдердин айтымында, мугалимдер жамаатына билим берүү мекемесинин жаңы директору тарабынан кысым болуп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, №1 мектеп-интернатынын ишмердүүлүгү боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө коомдук тамактануу тармагындагы одоно мыйзам бузуулар, кадрдык жана уюштуруу иштерине бирдиктүү мамиле жок экендиги аныкталганын билдирди.

Комиссия мектеп-интернаттын ишмердүүлүгүндө орун алган мыйзам бузуулар боюнча педагогикалык жамааттын, Бишкек шаарынын прокуратурасынын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусунун негизинде түзүлдү.

Reporter.kg’ге Билим берүү министрлиги билдиргендей, №1 мектептеги жагдай алардын көзөмөлүндө турат, жеринде билим берүү башкармалыгы иш алып барууда. Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Ошол эле учурда окуучуларды митингге катышуусу мыйзамсыз болгондуктан, ал боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

«Жашы жете элек балдарды мындай иш-чараларга тартуу мыйзамсыз. Ошондуктан ага мыйзам чегинде баа берилип, чара көрүлөт», — деп билдиришти министрликтен.

Учурда №1 мектеп-интернатынын мугалимдери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кызматкерлердин жашаган жери же башка каалоолору эске алынып, Бишкек шаарынын мектептерине башка жумуш сунушталууда.

Ошондой эле мэрия мурдагы директор Н.Матканова бир нече жолу одоно мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн Эмгек кодексинин 83-беренесинин негизинде кызматынан бошотулганын белгиледи. Ал документтерди, ошондой эле иш бөлмөсүн бербей, директордун милдетин аткаруучу 33 жаштагы Жыргалбек Курманбековдун ишине кийлигишкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>