Бишкекте 1-класска бара турган окуучулардын бир бөлүгү бала бакчада окуйт

Бишкекте 1-класска бара турган окуучулардын бир бөлүгү бала бакчада окуйт

Бишкекте окуучулардын саны көп, мектептер жетишсиз болгондуктан 1-класска бара турган балдардын бир бөлүгү бала бакчаларда билим алат.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда шаардагы 120 мектепте 238 миңден ашык бала окуйт. Ал эми 1-класста 24 миң 840 бала билим алууда. Келе жаткан окуу жылы 2-класска 25 миңден ашык бала өтөт, ал эми 1-класска кабыл алуу боюнча тактоо жүрүп жатат.

Бишкектин Билим берүү берүү департаментинин директору Рахмат Мусаева 1-класстын окуучуларын бир бөлүгүн бала бакчада окутуу маселеси министрлик менен макулдашылып, чечилди.

«Алардын баарын мектептердин имараттарына батыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги менен 1-класстагы балдардын бир бөлүгүн бала бакчалардын имаратында окутуу боюнча макулдашылды.

Бала бакчанын имараты муниципалдык болгондуктан, ижарага алуу деген жок. Имараттар бекер берилет. 1-класста балдар бала бакчада окутулат жана ата-эненин каалоосу менен ал жакта кечкиге чейин кала берсе болот», — дейт ал.

Ал эми министр Догдургүл Кендирбаев 1-класста бала бакчада окуган бала эки эсе утат деген пикирде.

«Түшкө чейин өнүктүрүү программасын пайдаланса, түштөн кийин кадимкидей бала бакчала тарбияланат. Бала санитардык-гигиеналык нормага жараша үч сааттан ашык окубайт. Сабактар 30 мүнөттөн болот, жалпы 1 саат 20 мүнөт окушат. Анын ортосунда эс алуу, сөз байлыгын, майда моторикасын өнүктүрүүчү оюндар болот», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда билим берүү системасы 12 жылдык окууга өтүүдө. Ага ылайык балдар 6 жашынан 1-класска бара баштайт. Ошол эле учурда өлкөдө мектептердин жетишсиздиги көйгөй жаратууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>