Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Бишкекте 11 этаждан кулаган кыз ооруканада каза болду
07.11.2019 | 15:07
Бишкектеги имараттардын биринин 11-кабатынан кулаган кыз ооруканадан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргенин «super.kg» жазды.
Маалыматка ылайык, ал өтө оор абалда Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген болчу.
«Кыз башынан оор жаракат алган, мындан сырткары бир нече жери сынып кеткен. Ал ооруканага жеткирилген соң 3 сааттан кийин каза болуп калды», – деп билдиришти министрликтен.
Окуя кечээ, 6-ноябрда Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан имаратта болгон. Оор жаракаттарды алган кыз дароо ооруканага жеткирилген болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар