Капиталдык курулуш башкармалыгы эки кабаттуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун курулушуна тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады.
Маалыматка ылайык, ал Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө, Ленин районунун Семетей көчөсү 6 дарегинде жайгашат.
Долбоордун сметалык баасы 110 млн 840 миң 557 сомду түзөт. 2023-жылга 39 000,0 сом каралган. Жер участогунун жалпы аянты 1,264 га.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз