«MedExpo Kyrgyzstan 2026»: Бишкекте 10дой өлкөнүн компаниялары катышкан медициналык көргөзмө ачылдыСадыр Жапаров бир катар шаарлардын мэрлерин алмаштырдыКРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлигиКМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришиштиКара-Сууда жерди мыйзамсыз менчиктештирүү жана сатуу фактысы аныкталып, 6 мамлекеттик кызматкер кармалдыБишкекте КМШ өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын эл аралык фестивалы өтөт
Бишкекте 17 жаштагы скутердин айдоочусу жол кырсыгында каза болду
25.04.2025 | 10:59
Бишкекте суу ташуучу унаа менен скутер кагышып, 17 жаштагы скутердин айдоочусу каза болду
Кырсык Түштүк магистрал менен Бажа жолунун кесилишинде болгон.
Патрулдук милициянын айтымында, мопедде 17 жаштагы эки бала бараткан. Алардын алдындагы Mercedes автоунаасы тормозду тепкенде, скутердин айдоочусу токтогонго жетишпей калып, машинанын артына урулуп, мопеддеги өспүрүмдөрдүн экөө тең кулаган. Ошол маалда артта келе жаткан суу ташуучу унаа балдардын бирин тебелеп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар