Бишкекте 2008-жылы туулган окуучуларга волейбол боюнча мелдешке катышууга тыюу салынды

11.11.2025 | 17:24

Бишкекте мектеп окуучулары арасында волейбол боюнча мелдеш өтүп жатат, бирок ага 2008-жылы туулган балдарга катышууга уруксат берилген эмес. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына окурман билдирди.

Анын айтымында, 17 жаштагы уулу достору менен бирге мелдешке даярданып жүргөн, бирок бүгүн, 11-ноябрда, аларга 2008-жылы туулган окуучулар турнирге катыша албай турганы айтылган.

Мындай чечимге окуучулар нааразы болушууда. Азырынча райондук этаптар өтүп жатат, андан кийин шаардык мелдештер башталмак. Окуучунун апасынын пикиринде, бул чечим окуучуларды дискриминациялоо болуп саналат жана көптөгөн ата-энелердин, ошондой эле балдардын нааразылыгын жаратты.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Reporter.kgге билдиргендей, учурда окуянын себептери такталып жатат жана кийинчерээк комментарий берилет.

Scroll to Top