Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылдыИран Ормуз кысыгын ачуу үчүн АКШга жети шарт койду«2028-жылы баарыңыздарды күтөбүз»: Татарстандан келген ансамбль кыргызстандыктарга кайрылуу жасады«Vefa» соода борборунда эскалатордон кулап түшкөн бала ооруканадан чыгарылдыБРИКС өлкөлөрү Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты — негизгилери13-сентябрь: Кыргызстанда абанын табы +33°C чейин ысыйт, тоо этектеринде кыска мөөнөттүү күн күркүрөшү мүмкүн
Кыргызстанда эттин баасына болгон мамлекеттик жөнгө салуу жыл аягына чейин узартылды
11.11.2025 | 17:59
Кыргызстанда эттин баасына болгон мамлекеттик жөнгө салуу 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечим этке болгон баанын өсүшүн көзөмөлдөө, спекуляциянын алдын алуу жана уй, кой этине (сөөксүз эттен тышкары) болгон баанын туруктуулугун камсыздоо максатында кабыл алынган.
Мамлекеттик жөнгө салууга кирген эттин максималдуу чектик баалары төмөнкүчө аныкталды:
- уй эти – 1 килограммы 680 сомго чейин,
- кой эти – 1 килограммы 690 сомго чейин.
Министрлик бул чара ички базардын туруктуулугун сактоого жана баанын өзгөрмөлүүлүгү шартында жарандардын кызыкчылыгын коргоого багытталганын белгиледи.
Эскерте кетсек, убактылуу жөнгө салуу 11-августта 90 күнгө киргизилген болчу. Эми ал ушул жылдын аягына чейин узартылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом