Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Бишкекте 5 мектеп эвакуацияланды, кинологдор иштеп жатат
15.12.2025 | 12:43
Кыргызстандын борборунда бир нече билим берүү мекемесинде окуучуларды жана кызматкерлерди шашылыш эвакуациялоо жүрүп жатат. Бишкек ШИИБнин маалыматына караганда, буга болжолдуу даярдалып жаткан террордук актылар тууралуу келип түшкөн билдирүүлөр себеп болду.
Учурда төмөнкү мекемелерде эвакуация жүргүзүлгөнү белгилүү:
- № 24 мектеп-гимназиясы;
- № 44 мектеп;
- № 15 мектеп;
- № 10 мектеп;
- Kings International School жеке мектеби.
Жеринде милиция кызматкерлери иштеп, мектептердин аймагы курчоого алынды. Адис-кинологдор имараттарда жарылуучу заттар бар-жогун текшерип жатышат. Окуянын чоо-жайы такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар