Бишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды

10.04.2026 | 16:28

Бишкекте 4-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Санжар Нурлановдун сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, анын сөөгү каналдан табылган. Кароо учурунда жарааттын белгилери байкалган эмес. Учурда бул факт каттого алынып, өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Белгилей кетсек, 6-апрелде жаран арыз менен кайрылып, уулу Санжар Нурлановду издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Анын айтымында, оспүрүм 4-апрелде саат 18:00 чамасында Шабдан Баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Издөө иш-чараларына милиция кызматкерлери жана ыктыярчылар катышкан.

Scroll to Top