Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Бишкекте 9 жаштагы баланы унаа тебелеп кетип, реанимацияга түштү
12.05.2025 | 16:33
Бишкекте 9 жаштагы баланы артка жүрүп бара жаткан унаа тебелеп кетип, ал реанимация түштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 10-май күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Ч. Айтматов проспектисинде жайгашкан үйдүн короосунда болгон. Анда 23 жаштагы С.А., аттуу айдоочу “Хюндай солярис” үлгүсүндөгү автоунааны артты көздөй айдап жатып 9 жаштагы И.Э.аттуу баланы сүзүп алган.
Натыйжада, жашы жете элек Э.И. ар кандай дене жаракаттары менен Шаардык клиникалык оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылды. Ал эми унаа айып токтотуучу жайга киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар