Адам уурдоого шектүүлөр кармалганын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 23-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, жабырлануучу милицияга кайрылып, 20-мартка караган түнү белгисиз адамдар ага кол салып, унаасына күч менен салып, ээн жерге алып кетишкенин айткан.
Алар ала качкан адамды сабап, телефонун жана 60 миң сомун алып, андан соң видеого тартып, өзүн күнөөлөөгө мажбурлашкан. Кадрларда ал ала качкандардын биринин кызын зордуктоого ниеттенгенин мойнуна алып, андан улам кечирим сураган. Анан жигиттин колу байлап, талаага таштап кетишкен.
Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо») менен катталган.
Ыкчам кызматкерлер адам уурдоого шектелген үч адамды таап, кармашкан. Убактылуу кармоочу жайга 2004-жылы туулган Ж.Ж., 2003-жылы туулган А.А., 2006-жылы туулган М.А. киргизилген.
Ички иштер башкармалыгы жабырлануучу зордуктоо планын ойлобогонун, коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам өзүн айыптаганын белгилейт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз