Бишкек шаарында Жеңиш күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу айрым автобустардын кыймыл багытына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.
7-майдан 10-майга чейин №36, №56, №101, №118 жана №135 автобус маршруттары Ибраимов, Шопоков, Жумабек жана Фрунзе көчөлөрү аркылуу каттабайт.
Маршруттар жабылган бөлүктөрдү айланып өтүү менен уюштурулат.
Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранды.