Бишкекте ак элечекчен баатыр энелердин жүрүшү өттү – сүрөт

09.03.2023 | 09:38

Бишкек шаарында Аялдардын эл аралык күнүндө Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Кыргызстандын пенсионерлери партиясы менен биргеликте баатыр энелердин жүрүшүн уюштурушту.

Ак элечекчен энелердин жөө жүрүшү Ала-Тоо аянтынан тарта Уркуя Салиеванын эстелигине чейин уланды.

“Бул акция менен биз улуттук салтыбызды коргоого, улуттук баалуулуктарыбызды сактоого милдеттүү экендигибизди көрсөттүк. Биз бала ата-энеси менен өскөн салттуу үй-бүлөнүн сакталышын көздөйбүз, ак калпак, ак элечек улуттук кийимибиз экендигин тааныган муунду тарбиялайбыз, ар бир адам ой-пикирин айта алган коомду түзөбүз”, — деди министр Кудайберген Базарбаев.

Соңунда министр Кудайберген Базарбаев президент Садыр Жапаровдун атынан катышуучуларга белек катары жоолук берди.

[image_carousel source=”media: 180752,180753,180754,180755,180756,180757,180758,180759″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Scroll to Top