Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт

Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, министрликтин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамы тарабынан район жана шаар аймагындагы кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды коопсуз жайга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштери уланууда.

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кооптуулук жогору болгон аймактардагы жашоочуларды, убактылуу коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлуп, калктуу конуштун жашоочулары көчүүнү каалабаса мажбурлоо ирээтинде көчүрүү керек экендиги адистер тарабынан баса белгиленүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, облус аймагында 1 миң 160 үй-бүлө жер көчкү, сел каптоо, таш кулоо, кар көчкү түшүү кооптуулугу бар аймакта жашап келишет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>