Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды
13.04.2025 | 11:02
Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды, деп билдирди 12-апрелде Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы.
5-март күнү милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 2024-жылдын июль айында Маевка айылындагы №396 контурдагы айыл чарба жер тилкесин трансформациялоого көмөктөшөбүз деп, чоң кызмат адамдардын атын жамынуу менен убада кылышкан. Бул үчүн ал 90 миң доллар төлөгөн. Бирок арыз ээси алданып калган.
Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган С.М., жана 1983-жылы туулган М.Т.лар кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар