Бүгүн, 9-октябрь күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг уюштурат. Иш-чара “Медиа Форум” акционердик коомунун алдында саат 14:00до өтөт. Анда Алмазбек Атамбаевдин да сөз сүйлөшү күтүлүүдө.
4-октябрда Кыргызстанда парлмаменттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптар шайлоонун эртеси митинге чыгып, акция массалык башаламандык менен коштолгон.
Толкундун эпкини менен коррупция үчүн айыпталып түрмөдө отурган бир катар саясатчылар жана экс-президент Алмазбек Атамбаев да абактан чыккан.