Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза тапты

19.10.2025 | 10:19

Кечээ, 18-октябрда, кечки саат 21:30дар чамасында Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болуп, жашы жете элек жөө жүргүнчү каза болду.

Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, «Lexus RX 330» үлгүсүндөгү унааны айдап бараткан 46 жаштагы айдоочу И.Д. Абдрахманов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө бурулуп жатып, 17 жаштагы А.А. айдап бара жаткан «Toyota Camry» унаасы менен сүзүшкөн. Белгилүү болгондой, өспүрүм айдоочунун айдоочулук күбөлүгү болгон эмес.

Кагышуудан «Toyota Camry» жол четине чыгып, төрт жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Алардын бири 13 жаштагы А.Т. окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факт Бишкек шаардык милициясынын каттоосуна алынып, «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, эки унаа тең айып токтотмо жайына жеткирилген. Зарыл экспертизалар дайындалган.

Укук коргоо органдары ата-энелерге кайрылып, балдарды катуу көзөмөлдөп, айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүмдөрдүн унаа башкаруусуна жол бербөөгө чакырды.

«Бул кайгылуу окуя балдарга болгон жоопкерчиликтүү мамиленин маанисин эске салат. Өтүнөбүз, автоунааны өспүрүмдөргө бербеңиздер жана алардын аракетин көзөмөлдөп туруңуздар», — деп билдирди Бишкек шаардык милициясы.

Scroll to Top