Бишкектин айрым көчөлөрүндө 15-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтКыргызстан менен Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлери Москвада кызматташтыкты талкуулаштыСадыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен баратКараколдо май куюучу жай мыйзам бузуулар менен курулганы аныкталып, айып пул салындыСанариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу кызмат мындан ары IMEI-коддорду текшерүү ишмердүүлүгүнө лицензия бербейтКыргызстандын Жарандык авиация агенттиги ИКАО текшерүүсүн эскертүүсүз өттү
Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыкты
19.10.2025 | 10:35

Бүгүн, 19-октябрда, таңга маал Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатыры өрттөнүүдө. Жеринде 8 күжүрмөн эсеп өрт өчрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 06:30дар чамасында өрт тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин жерине өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлгөн. Учурда жеринде 8 бөлүм, 2 автошат, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, 4 куткаруучу жана штаб, милиция жана тез жардам кызматкерлери иштеп жатканы маалымдалды.
Азыркы тапта өрт өчүрүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар