Бишкекте аз камсыз болгон 3 миң 802 кары адамга жардам көрсөтүлдү

Бишкекте аз камсыз болгон 3 миң 802 кары адамга жардам көрсөтүлдү

1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте аз камсыз болгон 3 миң 802 кары адамга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аларга акчалай жардам көрсөтүлүп, 4 млн 528,2 миң сом жумшалган. Акчалар почта бөлүмдөрү аркылуу берилген.

Кылым жашка жеткен жана андан улуу кары ата-апаларга акчалай жардам менен бирге азык-түлүктөр тапшырылган. Райондордун акимчилигинин жетекчилиги алардын үйүнө барып, кабар алып келген.

Аны менен бирге 50 жана ашык жылдан бери бирге түтүн булатып келе жаткан 114 жуп үчүн Бакыт өргөөсүндө салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, акчалай жардам көрсөтүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>