Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар 5-кичи райондо жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда ичинен 1948-жылы туулган Ф.В. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.