Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Кыргызстанга Швейцариядан асыл тукум уйлардын уруктары алынып келинди
16.06.2025 | 10:48
Малдын асылдуулугун жана азыктуулугун жогорулатуу максатында Кыргызстанга Швейцариядан асыл тукум уйлардын уруктары алынып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алынып келинген укуктарды өлкөдөгү бардык фермерлер жеңилдетилген шартта сатып алса болот.
Жасалма уруктандыруунун негизги максаттары:
- Малды тукум жактан жакшыртуу – эң мыкты асыл тукум бука же кочкорлордун уругун пайдаланып, сапаттуу урпак алуу;
- Ооруудан сактануу – жыныстык жол менен жугуучу оорулардын алдын алуу;
- Экономикалык үнөмдүүлүк – асыл тукум эркек малды бардык фермерлерге жеткиликтүүкылуу;
- Репродуктивдүү натыйжалуулукту жогорулатуу – тукумсуздукту азайтуу жана төл алуу деңгээлин жогорулатуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар