Бишкекте батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-августта Бишкек шаарынын Октябрь районунда ӨКМнын кызматкерлери батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
Батирден 1942-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.