Караколдо үлпөт тойдо бейбаштык кылган айдоочуларга айып пул салынды — видео

Караколдо үлпөт тойдо бейбаштык кылган айдоочуларга айып пул салынды — видео

Караколдо үлпөт той учрунда коомдук тартипти бузган  кортеждин айдоочуларына айып пул салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, 26-августта болгон окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, ошол эле күнү «Жеңиш» паркынан айдоочулар кармалган.

«Хонда-Фит» жана  «ДЭУ-Нексия» унааларынын айдоочуларына бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 7 миң 500 сомдон айып пул салынган. Унаалар айып короо жайына токтотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>