Бишкек шаарынын Октябрь районундагы батирлердин биринен адамдын жансыз денесин табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү ӨКМнын куткаруучулары Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан 173/5 дарегиндеги батирлердин биринин эшигин ачып беришкен. Ал жерден 1952-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.