Бишкекте белгисиз жаран курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан секирип кетти. Маалыматты Reporter.kg’ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Окуя Байтик-Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Куткаруучулар саат 12:00дөн баштап өз өмүрүнө кол салууну каалап жаткан адамды түшүрүү аракетин кылышкан, бирок ал саат 17:00гө секирип кеткен. Аны тез жардам кызматынын дарыгерлери алып кетишкен. Учурда анын абалы тууралуу маалымат жок.
Бишкекте белгисиз жаран өз жанын кыюуга аракет кылууда — видео