Президент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыратты
Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт
02.04.2024 | 18:00
Бишкекте Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 18-22-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Иран жана Таиланддан 130дан ашык спортчу келери күтүлүүдө.
Мушкерлер 48, 51, 54, 57, 60, 63,5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг салмактарда күч сынашат.
Беттештер 18-апрелде саат 15:00дө, 19-22-апрель күндөрү саат 12:00дө башталат.
Эскерте кетсек, Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш быйыл 46-ирет өтүп жатат.