Кубат Рахимов: санкциялар Кыргызстандын эсептешүү хабы катары калыптанганын тааныгандык болдуЫсык-Көлдө Махмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылатАйыл чарба министрлиги жергиликтүү тоюттан балык кырылды деген маалыматты четке кактыКыргызстанда картошка ташып келүүгө жарым жылга тыюу салуу пландалуудаКыргызстанда бир күндүк жалданма жумушчулар салык төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн2026-жылы КР мамлекеттик бюджетинен контрацептивдерге 12,5 млн сом бөлүндү
Министр: Баалар өскөн сайын электр жарыгына акы дагы өсө берет
02.04.2024 | 17:00
Кыргызстанда электр жарыгына баа инфляцияга көз каранды. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы баалар 13,9 пайызга, 2024-жылы 10,9 пайызга өстү.
“Электр жарыгы дагы ошого карата өсүп турат. Быйыл мисалы 11 тыйын кошулат. Майдан тарта 1 сом 11 тыйындан төлөп баштайт. Эмки жылы инфляция 5 пайызга өссө, 5 тыйын кошулат”, – дейт Таалайбек Ибраев.
Министр электр жарыгынын өз баасы 2 сом 41 турарын айтып, дагы эле калкка арзан баада берилип жатканын кошумчалады.
Электр энергиясына тарифди көтөрүү пландалууда. Баалар кандай өзгөрөт?
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат