Бишкекте чет элдиктердин мушташынан кийин 36 адам милицияга жеткирилди

Бишкекте чет элдиктердин мушташынан кийин 36 адам милицияга жеткирилди

Бишкекте чет элдиктердин мушташынан кийин 36 адам милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 10-июнда түнгө жуук болгон. Саат 23:30дар чамасында милициянын «102» кызматына 7-8 чет элдик жаран мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери барып, мушташ чет элдик жарандар ортосунда болгонун, уруш кайым айтыштан улам чыкканын аныктаган.

Бул окуядан кийин милицияга Пакистан менен Бангладештин 36 жараны жеткирилип, аларга карата Укук бузуулар кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүгү (чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу) боюнча 16 протокол түзүлгөн.

Свердлов райондук соттун чечими менен чет элдик жарандардын бири «майда бешбаштык» кылууга күнөөлүү деп табылып, ага 5,5 миң сом айыппул төлөнгөн. Дагы экөө үч күнгө камакка алынган. Калган жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы менен эки чет элдик мас абалында болгону, баңгизат колдонгону аныкталган.

Милиция чет элдик жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого чакырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>