Жыл башынан бери Бишкек шаарында чөп жана таштандыларды өртөө фактысы боюнча 89 учур катталып, 1 млн сомдон ашык айып пул салынган. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мэриянын муниципалдык инспекциясы күн сайын рейд өткөрүп, экологиялык эрежелерди бузган, чөптөрдү жана тиричилик таштандыларын өрттөгөн фактыларды аныктап жатат.
Бул боюнча жыл башынан бери жалпы 89 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 млн 55 миң сом айып салынган. Анын ичинен жарандарга 480 миң сом, юридикалык жактарга 575 миң сом айып салынган.
Мэрия мындан тышкары түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мончолорду жылытуу үчүн көмүр жана отун колдонуу керектиги түшүндүрүлүп жатканын билдирди.
«Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринде тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын, автомайларды, лак жана боёк материалдарын жана башка уулуу заттарды, пластмасса, резина, бөтөлкөлөр, банкалар, автошиналарды жана камераларды өрттөөгө тыюу салынган»,- деп айтылат маалыматта.