Бишкекте дагы бир Тез жардам клиникасы ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо миниистри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, учурдагы №4 ооруканадагы орундар жетишпей жатат.
«Шаар чоңоюп жаткандыгына байланыштуу мурдагы Аламүдүн районундагы оорукананы экинчи Тез жардам клиникасы кылганы жатабыз”, — деди ал.
Оорукананы курууга Катар 9 миллион 240 мин доллар грант берет. Министрлик анын курулушу быйыл баштамакчы.