Бишкекте дагы эки жаңы автобус каттамга чыкты. Схемасы
Бишкек шаарында №7Т жана №14 муниципалдык жаңы автобус каттамдары иштей баштайт.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 15-февралдан тарта мурда ушул эле номер менен троллейбустар каттаган каттам боюнча жаңы автобустар жүрө баштайт.
№7Т автобустук каттам Ак-Өргө конушунан Тунгуч кичи районуна чейин каттайт. Бул линияда 7-8 мүнөттүк интервалдар менен 17 автобус иштейт.
№14 автобустук маршрут Жогорку Жалдан Киркстромго чейин барат. Линияда 7-8 мүнөттүк интервалдар менен 13 автобус болот.
[image_carousel source=”media: 218218,218219″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз