Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 24 жаштагы Ажымурат изделүүдө
07.06.2024 | 20:26
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 24 жаштагы Ажымурат Сапиев изделүүдө. Бул тууралуу Окябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 5-июнда милицияга Ажымурат Сапиевдин апасы кайрылып, уулу 4-июнда 11-кичирайондогу үйүнөн чыккан бойдон кайра келбегенин билдирген. Учурда дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 170-175 см, спорттук дене түзүлүштө, чачы кыска кара, көзү күрөң.
Кийген кийими: кара футболка, спорттук кара шым жана бут кийим, кара түстөгү кепка.
Милиция Ажымурат Сапиевди көргөндөр же аны табууга жардам бере турган маалыматы бар жарандар болсо, 0(312) 54-41-16, 0(701) 00-27-35, 0(0709) 71-44-28, 0(550) 11-11-95 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат
Рубрики: Жаңылыктар, Коом