Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөтСадыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачтыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салындыНургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт
17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт
16.03.2026 | 10:39
17-мартта Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Сууну өчүрүү эртең мененки саат 09:00дөн 16:00гө чейин созулат. Бул убакыт аралыгында турак үйлөр, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери, ошондой эле башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттери суусуз калат.
Суу берүү төмөнкү даректер боюнча токтотулат:
- Ч. Айтматов проспектиси — 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6;
- Токтоналиев көчөсү — 139/3, 157, 153, 153/3, 155;
- Т. Океев көчөсү — 39/3, 39/4, 39/8, 39/7, 39/6.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, сууну өчүрүү «Аэропорт» суу алгычындагы оңдоо-алдын алуу иштерине байланыштуу.
Шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алуу суралат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек мэриясы