Бишкекте ЕАЭБ башчыларынын саммити өтүп жатат
Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунун алдында президент Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринин ар бирин – Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды, Беларусиянын президенти Александр Лукашенкону, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Россиянын президенти Владимир Путинди тосуп алды.
Кол алышуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин тар курамдагы жыйыны өтүүчү залга өтүштү.
[image_carousel source=”media: 168504,168505,168506,168507″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз