Бишкекте эки адамдын өлтүргөн шектүү кармалды

07.10.2025 | 23:26

Бишкекте эки адамды өлтүргөн шектүү адамды ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармашты.

Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына укук коргоо органдарындагы өздүк булак билдирген.

Эске салсак, 3-октябрга караган түнү “Ак-Ордо-3” кичи районуна белгисиз адам кирип, үйдүн ээси уктап жаткан учурда ага бычак сайган.

Ошол учурда анын аялы ойгонуп, кыйкырып жардам чакырган.

Бөлмөгө күйөөсүнүн эжеси чуркап кирип, ал да бычакталган.

Ал эми маркумдун жубайы, үч баласы менен үйдөн качып чыгууга жетишкен.

Эркек киши жана анын эжеси бычактан 20дан ашык жаракат алышып, окуя болгон жерде көз жумушкан.

Шектүү адам байкоо камераларына түшүп калган жана ага издөө жарыяланган.

Бүгүн, 7-октябрда укук коргоо органдары шектүү жана анын жүргөн жери тууралуу анонимдүү маалымат алышкан.

Шектүү 19 жаштагы жигит экени аныкталып, ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына суракка жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал өзүн жетиштүү түрдө адекваттуу эмес алып жүрүүдө.

Scroll to Top