Бишкекте эл аралык деңгээлдеги заманбап медициналык шаарча курулат

14.11.2025 | 15:11

Бишкекте эл аралык деңгээлдеги заманбап медициналык шаарча курулат. Ал өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык долбоор болуп, алдыңкы медициналык, билим берүү жана илимий борборго айланат.

Долбоор Франциянын борбору Парижде эки өлкөнүн ооруканаларынын кызматташтык күндөрүнүн алкагында, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган кыргызстандык делегация тарабынан тааныштырылды.

Министрдин айтымында, жаңы медициналык шаарча эл аралык стандарттарга жооп берип, диагностикадан жана дарылоодон баштап реабилитацияга жана адистерди даярдоого чейин толук кызмат көрсөтөт. Ал өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын өзөгүнө жана санариптик, инновациялык чечимдерди киргизе турган платформага айланат.

Сапардын жүрүшүндө Чечейбаев Expertise France агенттигинин өкүлдөрү менен жасалма интеллект, медицинанын санариптештирилиши жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулаган. Ошондой эле Франциянын Финансы министрлигинде медициналык долбоорлорду каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери каралган.

Кыргыз делегациясынын Францияга болгон иш сапары саламаттык сактоо системасын жаңылоодо жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Scroll to Top