Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалды
Бишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт
23.02.2026 | 11:47

24-февралдан тарта «Бишкек электр тармактар» ишканасы электр энергиясына карызы бар 6 миң абонентти аралыктан өчүрө баштайт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Мындан улам ишкана абоненттерди электр энергиясы үчүн эсеп-кысапты өз убагында жүргүзүүгө чакырат. Төлөмдөрдү банк жана электрондук капчыктар аркылуу төлөөгө болот, ошондой эле «Кыргызпочтасы» ишканасынын кассалары төлөмдөрдү кабыл алат.
Абоненттер өз эсебинин абалын Бишкек электр тармактар ишканасынын расмий сайтындагы “Абоненттин балансы” рубрикасынан текшере алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом