ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Бишкекте эмерек жасоочу цех өрттөнүп кетти
29.05.2025 | 09:31
Кечээ, 28-майда Бишкек шаарынын Учкун конушунда эмерек жасоочу цех жана жанында жайгашкан турак үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп тартылып, өрттү дээрлик 3 сааттан кийин толук өчүрүшкөн.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар